super.kg logo

"Таза суусу жок, электр мамычалары эскирген". Жалал-Абадда милиция кызматкерлери алыс жайгашкан тоолуу айылдарды кыдырууда

 

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда милиция кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте эл көйгөйлөрүн чечүүдө. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Ага ылайык, Базар-Коргон РИИБинин кызматкерлери милициянын көчмө кабылдамасы менен райондун борборунан алыс жайгашкан тоолуу Талдуу-Булак айыл аймагынын Каба, Өзбек-Каба, Жедигер, Ак-Терек айылынын жашоочулары менен жолугушту.

"Жолугушуу учурунда үй-бүлөлүк чыр-чатактарды болтурбоо, ар кандай кырсык жана кылмыштуулуктан алыс болуу керектиги эскертилди. Ал эми жолугушуулардан кийин көчмө кабылдама аркылуу жергиликтүү тургундарды кабыл алуу учурунда Ак-Терек айылында таза суу келүүчү түтүктөр толуп калгандыгын, таза суу келбей жатканын, ошондой эле электр мамычалар эскирип, жараксыз абалга келгендигин билдиришкен. Кабыл алынган арыздар тиешелүү кызмат өкүлдөрүнө жөнөтүлдү", - деп билдиришти Жалал-Абад ОИИБинин маалымат кызматынан.

Натыйжада, жарандар тарабынан аталган айылдардан 15 доо-арыз кабыл алынып, (коопсуздук боюнча – 1, башка органдарга тиешелүү – 10) 4 учуру боюнча жеринен юридикалык кеңештер берилип чечилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: