super.kg logo

"Акимдер эффективдүү иштеши үчүн". Президенттин иш башкармалыгы 60 миллион сомго автоунаалар алынарын айтышты

 

Президенттин иш башкармалыгынын алдындагы Автотранспорт бирикмеси тарабынан 60 миллион сомго унаа сатып алууга жарыяланган тендер боюнча аталган мекеменин түшүндүрмөсүн президенттик администрациянын маалымат кызматынан кабарлашты.

"Бул автоунааларды сатып алуу материалдык-техникалык базаны чыңдоо жана жакшыртуу, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, райондук администрация башчыларынын (акимдердин) ишинин ыкчамдуулугун жогорулатуу максатында жүргүзүлүүдө.

Райондордун акимдери үчүн кызматтык унаалар акыркы жолу 13-15 жыл мурун сатып алынганын белгилеп кетүү зарыл. Алар техникалык жактан эскилиги жеткенине көп жыл болду. Бүгүнкү күндө алардын көпчүлүгү дайыма оңдоп турууну жана республикалык бюджеттен чыгымдарды талап кылууда.

Бийликтин вертикалын чыңдоо, акимдердин статусун жогорулатуу максатында автопаркты жаңылоо чечими кабыл алынды.

Аткарылып жаткан иш-чаралардын алкагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын материалдык-техникалык базасын жаңылоо жана жакшыртуу иштери кайра дайындалган акимдердин эффективдүү иштөөсү үчүн шарттарды түзүп берүүгө карай багытталган", - деп жазылат маалыматта.

Маалыматка ылайык, автоунаанын көлөмү 2500 куб сантиметрден ашпашы керек жана өңү ак түстө болушу керек.

Кошумча талап катары, унаа жеткирилгенден кийин дароо айдоо үчүн техникалык кароодон өтүшү керек, анын ичинде редуктордогу жана мотордогу майы дагы. Эсептөөлөр боюнча, ар бир унаа 1,5 миллион сомго жакын (17,6 миң доллар) турат.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(14)
12.08.2021. 12:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Акимдердин баарында эле жол тандабас автоунаалар бар, медиктерге, милицияларга, пожарныйларга, чек арага алып берсе болбойбу
12.08.2021. 12:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
,Акимдерге кереги жок унаанын жыргатып иштешпейт коррупцияга малынгандар
12.08.2021. 13:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Ошондо 1500000 миллион сомдук машина айдайбы? Эл катары эле 300-400 миндик айдаса жесткий болуп жамбашы ооруп калабы? Ар бир сом учун жооп бересинер бул элдин акчасы.
12.08.2021. 13:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Негизи канча штук машина алат экен а то 40 районго 40 машина десе 1 500 000 сом кымбат эмеспи?
12.08.2021. 13:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ушул акчаны башка сооп иштерге заарыккан адамдарга берсенер болбойву какшаттынар эшшектер
12.08.2021. 13:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Бул шумшуктор элди мал сыяктуу эле ойлошот экен.Эффективдуу иштеш учун созсуз кымбат баалуу машина алыш керекби? Арзаныраак машина алса иштей алышбай калабы? Кулкун эле келет.
12.08.2021. 14:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Тез жардам машиналарына да акча болунсо жакшы болот эле.ооугандар,жалдырап сааттап кутуп,жетишпей сактай албай калгандар канча.ошондо эффективдуу болот эле короткон акча.А акимдерге 3-5 миндик машиналар деле сонун журуп берет бузулбай этпей эле.
12.08.2021. 15:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Жапаров акмак экен. Медиктерге орустун газель унааларын алып беришет шалдыраган. А эмнеге акимдерге ЛАДА алып беришпейт? 40 акимге 40 матиз алып берсин. Болот ошол. Эски болсо да тейлоо арзан, тетиктери арзан. 200 минден жакшы матиз берет. 40 акимге 40 матиз алып берсе 8 миллион сом кетет. 60 миллиондун 52 миллион сому уномдолот.

Матизде журсо жолдордун абалын да жакындан билишет. Жапаровдун да мурункулардан айырмасы жок экен. 1,5 миллион сомдон машине алып берем десе.
12.08.2021. 22:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
СР В алгыла 2004-2006 жылы,4вд бензин да расходы да 10-12л ,бышык да болотакчасы да арзан 500-550миндин тегереги... 1.5миллионго тандап нива алып алчу эленер чондор, нивадан чынында Матиз жакшыраак ...Нива болбойт жатат айыл окмоттордун нивасы журбой,ким айыл окмот болсо судуротуп уйунун алдына алып барып коет да,озунун машина сына окумоттон болунгон ГСМ ремонт акчасын жеп 4-5жыл отуп кетет...
13.08.2021. 04:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ошондон коро чек арага бир БТР же БМП алып берсе ошол пайдалуу болсо керек.Чындап иштей турган адам машинанын кымбат арзанына карабайт ко.Эми коробуз да кымбат машина айдашып эле бир укмуш, болуп корбогондой онугуп кеткенибизди.
13.08.2021. 06:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Элим, жерим деп иштей турган адам жоо, велосипедчен, троллейбуска тушуп деле иштей берет. Тошогубузго карап бут сунсак жакшы болот эле. Кыргызстанды ондоп койгондон кийин кааласанар самолет менен жургуло.
13.08.2021. 09:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Трактор алып берсе болмок
13.08.2021. 09:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Садыр кымбат баалуу машинада жургонду, кымбат баалуу кийим кийгенди жактырат турбайбы.
13.08.2021. 13:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул да жыргатпай калды корунот
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: