Бишкек шаарына 10 күн мурун мэр болуп келген Таалайбек Сарыбашов кызматтан кетти

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган Таалайбек Сарыбашов кызматтан өз каалоосу менен кетти. Бул тууралуу анын кеңешчиси Азамат Абсаттаров билдирди.
"Сарыбашов келе жаткан шайлоого дагы катышпайт. Арызды өз каалоосу менен жазды. Азыр саат 14:00дө жаңы мэр келип жамаатка тааныштырылышы мүмкүн", - деди Абсаттаров.
Таалайбек Сарыбашовго 2-августта жарлык чыккан. Анын ордуна Алмаз Мамбетов Ош шаарына мэр болуп барган.
Сарыбашов Бишкек шаарына кызматка келери менен алгачкы жумуш күнүн шаарга ишембилик өткөрүү менен баштаган. Анда ал шаардык көчөлөрүн кыдырып чыгып, шаар тургундарын ишембиликке чакырган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:37
2025-07-27
17:51
2025-07-26

Рейтинг:
-7

Башты көтөр Таке! Биз сени мененбиз