super.kg logo

"Туризм секторун өнүктүрүүгө оң таасирин тийгизет". Өлкөдө жаңы окуу жылы 15-сентябрда башталат

 

Быйыл билим берүү мекемелеринде жаңы окуу жылы 15-сентябрда башталат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койгон.

"Окуу жылынын башталышын 15 күнгө жылдыруу чечими билим берүүнүн сапатын камсыздоо үчүн өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга ылайык офлайн режиминде билим алууга акырындык менен өтүү максатында кабыл алынды.

Билим берүүнүн бардык баскычтарындагы билим берүү мекемелеринде окуу жылынын башталышын кийинкиге жылдыруу жайкы туристтик сезондун узартылышына да салым кошот, бул туризм секторун калыбына келтирүүгө жана андан ары өнүктүрүүгө оң таасирин тийгизет", - деп айтылат маалыматта.

Ал эми токтомдун кабыл алынышы билим берүү системасынын кызматкерлеринин эмгек акысына, ошондой эле окуу процессине таасирин тийгизбей турганы айтылды.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: