super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: "Балдарыма жөлөк пул чыгара албай жатам, иштегенге шарт жок" дейт окурман

 

SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну кайрылды. Окурман жалгыз бой эне экенин, 2 баласына жөлөк пул чыгара албай жатканын айтып берди.

"Социалдык коргоо кызматына документ даярдап 2-3 жолу бардым. Тоготпой коюшту. Жанымда кезекке тургандардан сурасам, биз акча салып беребиз делонун ичине дешти. Менде акча жок.

Улуу балам 5 жашта, кичүүсү 11 айлык. Иштегенге шарт жок. Апамдын үйүндө турам.

Балам аутизм синдрому (сүйлөө речинин өнүкпөй калышы) менен ооруйт. Невролог толтура витаминдерди жазып берет. Чоңдорго айтайын десем үнүм жетпей жатат.

Социалдык коргоо борборуна барсаң "Өсөр эл өз баласын таштабайт" деп жазып коюшат. Ушул сөзгө ылайык иштешпейт", - деди окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(3)
13.08.2021. 08:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ооба, мен дагы сураштырсам өтөле катуу текшерет экен уйундо холодильник телевизор жок болуш керек экен дешкенинен аркасынан тушподум.Менден жакшына жашап аткандар бирок документ туурулашкан алып эле атышат.Акча менен тууруласа керек да алар.Акчасыз азыр сен эч кимсин да.
13.08.2021. 10:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Менда алчуумун бирок токтотобуз деп атат эч нерсебиз жок жолдошум масквага кетти жакында ошон учун чыкпайт экен
13.08.2021. 12:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аутизм менен жабыркаган балага 4000 сом пособие чыгыш керек.мед комиссиядан откоруп
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: