Ала-Букада эмдөөдөн кийин терс таасирлери байкалган жоокерлердин бүгүнкү абалы
Жалал-Абад облусунун Ала-Бука айылында аскердик бөлүктүн 44 жоокери коронавируска каршы вакцина алгандан кийин терс таасирлери байкалганы кабарланган. Бүгүн, 12-августка карата алардын абалдары туруктуу экени Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан белгилүү болду.
Министрликтен билдиришкендей, учурда аскер кызматкерлери медициналык жайда дарыгерлердин көзөмөлүндө жатат. Абалдары туруктуу.
Эске салсак, Ала-Бука айылындагы аскердик бөлүктө 90 адам коронавируска каршы AstraZeneca вакцинасын алышкан. 5-августта 44 жоокерде терс таасирлер байкалган. Бул окуядан кийин атайын комиссия түзүлүп, жерине жөнөп кетишкен. Ал эми аталган вакцинаны колдонуу убактылуу токтотулган.
8-августта эмдөөдөн өткөндөн кийин организминде терс таасирлер байкалган жоокерлердин саны 56га жеткенин министрликтен кабарлашкан.
Ковид-19га каршы вакцина алгандан кийин келип чыккан бардык жагымсыз окуялар олуттуу эместиги, иммундаштыруудан кийинки жагымсыз окуя жаш куракка мүнөздүү болгон эмдөө жөнүндө тынчсыздануу (коркуу, тынчсыздануу) менен байланышкан реакция катары бааланганы маалымдалган. Мындан кийин AstraZeneca вакцинасын эмдөөдө колдонуу кайра жандандырылды.

