super.kg logo

Кезектеги аракет. "Ош базарынын" аймагындагы башаламан соода жоюлат

 

"Ош базарынын" аймагында стихиялуу сооданын жоюлушу көзөмөлгө алынат. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматта жазылгандай, Ленин акимчилигинин жыйындар залында шаардык, райондук кызматтардын башчылары жана райондук МАБ башчыларынын катышуусунда кезектеги пландуу жыйын өткөрүлдү.

"2020-2021-окуу жылынын жыйынтыгы жана 2021-2022 жаңы окуу жылына даярдык иштери жөнүндө райондук билим берүү борборунун отчёттору угулду. Мындан тышкары, "Тазалык" муниципалдык ишканасынын 2021-жылдын биринчи жарымында аткарылган иштер боюнча отчёттору угулду.

Жолугушуунун жыйынтыгында жетекчинин биринчи орун басарына Манка-Жар каналынын сел тосмосунун жээктерин механикалык тазалоо жана бекемдөө иштерин күчөтүлгөн тартипте жүргүзүү, ошондой эле "Ош базарынын" аймагында стихиялуу сооданын жоюлушун көзөмөлгө алуу тапшырылды", - деп жазылат маалыматта.

Ал эми "Тазалык" муниципалдык ишканасынын директорунун орун басарына таштанды контейнерлерин көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн жана базарларда катуу тиричилик таштандыларын чыгаруу мөөнөтүн кайра карап чыгуу тапшырылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(1)
12.08.2021. 17:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ош базарын тазалайбыз дегендердин далайы келип кетти
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: