super.kg logo

Руслан Казакбаев Англиянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчилигин парламенттик шайлоодо байкоочу болуп берүүгө чакырды

 

Бүгүн, 12-августта тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Улуу Британиянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси Чарльз Гарретт менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз өлкөсү менен Улуу Британиянын ортосундагы эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашкан. Руслан Казакбаев келерки жылы Кыргыз өлкөсү менен Улуу Британиянын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгы белгилене тургандыгын маалымдап, ушуга байланыштуу британ тарапка бул датага арналган биргелешкен иш-чараларды уюштурууну сунуштаган.

"Тараптар эң жогорку жана жогорку деңгээлде өз ара сапарларды уюштуруу аркылуу эки тараптуу кызматташтыкты активдештирүүнүн зарылдыгын белгилешти.

Мындан тышкары Кыргыз өлкөсү менен Улуу Британиянын ортосундагы эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн негизги багыттарындагы кыргыз-британ мамилелеринин пайдубалын бекемдей турган жаңы кызматташуу келишимин иштеп чыгуу мүмкүнчүлүгү талкууланды.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Руслан Казакбаев жана Чарльз Гарретт өлкөлөрдүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн, Кыргыз Республикасынын экономикасына британиялык инвестицияларды тартуунун маанилүүлүгүн белгиледи", - деп жазылат билдирүүдө.

Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө алар 2021-жылдын ноябрында Глазго шаарында өткөрүлө турган COP-26 климаттык конференциясына кыргыз тараптын катышуусун талкуулашты. Тараптар айлана-чөйрөнү коргоо жаатында мындан аркы кызматташуунун, бул багытта биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Тараптар коронавирус пандемиясына каршы күрөшүү, калкты эмдөө жана эл аралык COVAX механизми аркылуу мындан аркы кызматташуу боюнча пикир алмашты.

Руслан Казакбаев ошондой эле элчиге Кыргыз өлкөсүндө боло турган маанилүү саясий окуялар, ушул жылы күзүндө боло турган парламенттик шайлоо тууралуу маалымат берген. Ушуга байланыштуу Руслан Казакбаев британ тарапты алдыдагы шайлоого байкоочу катары катышууга чакырды. Ошондой эле Улуу Британия менен парламенттер аралык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: