"Акыркы коңгуроо июнда". Жаңы окуу жылында кандай өзгөрүүлөр болот? Министрликтен жооп
Бүгүн, 13-август күнү өлкө боюнча жаңы окуу жылынын башталышына арналган маалымат жыйын өтүүдө.
Анда билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова жаңы окуу жылы 15-сентябрда баштала турганына байланыштуу окуу жүгүртмөсүндөгү өзгөрүүлөр тууралуу айтып берди.
"Токтомго ылайык төмөнкү өзгөрүүлөр киргизилген:
* биринчи чейрек 15-сентябрда башталып, 5-ноябрда аяктайт.
* Каникул 8-ноябрдан 14-ноябрга чейин.
* Экинчи чейрек 15-ноябрдан 31-декабрга чейин.
* Кышкы каникул 1-январдан 10-январга чейин болот.
* Үчүнчү чейрек 11-январда башталып, 18-мартта бүтөт.
* 21-марттан 27-мартка чейин каникул.
* Төртүнчү чейрек 28-мартта башталып 8-июнда аяктайт.
Бир аз эле өзгөрүүлөр болду. Окуу жылын жыл сайын 25-майда аяктасак, быйыл 9-июнда акыркы коңгуроо болот. 9-класстар үчүн окууну бүткөндүгү тууралуу күбөлүктөрүн тапшыруу 11-июль болот. Ал эми 11-класстар үчүн 15-июль күнү тапшырылат. 9-11-класстар үчүн мамлекеттик сынактар 10-июндан 1-июлга чейин болот. Бул аралыкта калган класстар эс алууда болушат. Ал эми чет өлкөгө окууга тапшыра турган бүтүрүүчүлөргө бул өзгөрүүлөр кедергисин тийгизбейт. Өз убагында тапшырууга жетише алышат", - деп билдирди Жусупбекова.
Буга чейин быйыл билим берүү мекемелеринде жаңы окуу жылы 15-сентябрда башталары маалым болгон.
кошулду







1 |