Статком: "Быйыл өткөн жылга салыштырмалуу азык-түлүктөргө болгон баа 18,9 пайызга кымбаттады"
2021-жылдын январь-июль айларында баалар өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 11,3 пайызга кымбаттады. Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитетинин расмий сайтына жарыяланды.
Маалым болгондой, учурда азык-түлүккө жана алкоголсуз суусундуктарга болгон баа бир топ кымбаттады - 18,9 пайыз.
"2021-жылдын башынан бери жалпысынан өлкөдө баалардын кымбатташы 7 пайызды түздү. Жыл башынан бери баасы кескин кымбаттаган азык-түлүктөрдүн катарына гречка (32,9 пайыз), картошка (30,7 пайыз) жана жаңы жашылчалар (26,7 пайыз) кирген.
Баалардын максималдуу кымбатташы (9,7 пайыз) Баткен облусунда катталган. Бул башка региондордон айырмачылыгы, азык-түлүк продуктыларына жана алкоголсуз суусундуктарга (13,8 пайызга) жана алкоголдук ичимдиктерге жана тамеки буюмдарына (13,6 пайызга) болгон баанын эң чоң өсүшү менен шартталган", - деп билдиришти Улуттук статистикалык комитеттен.



1 |