super.kg logo

Комузду чагылдырып торт жасаган. Мекендешибиз Анара Мурзакулова Орусиянын "Кондитер" теледолбоорунун финалына өттү

 

Мекендешибиз Анара Мурзакулова орусиялык "Кондитер" теледолбоорунун финалына өттү. Бул тууралуу эфирде белгилүү болду.

Кондитер Анара Мурзакулова орусиялык көңүл ачуучу "Пятница" телеканалында "Кондитер" теледолбоорунун 5-сезонунун суперфиналына өттү. Долбоордо ал кыргыздын улуттук кийимин кийген кыздын жана комуздун түзүлүшүн чагылдырып торт жасаган. Торт эки кабаттан турат.

Белгилүү орусиялык кондитер Ренат Агзамов алгач торттун даамын татып көргөн. Андан соң калыстар тобунун эки мүчөсү да даамдап көрүп, торттун көрүнүшүн, даамын жана жытын жактырышкан.

"Бул долбоордун беш мезгилиндеги эң даамдуу шоколад тортторунун бири. Бул 100 пайызга даяр коммерциялык рецепт. Эгерде азыр мага рецептти берсеңиз, дароо буйрутма менен жасатып сата баштамакмын. Сиз кереметсиз! Сиз финалдасыз", - дейт Ренат Агзамов.

Жыйынтыгында калыстар тобу 1ден упай беришип, Анара Мурзакулова финалга чыкты. Эми ал 1 миллион рубль жана Орусиянын башкы улуттук кондитер ашпозчусу наамы үчүн ат салышат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(2)
13.08.2021. 10:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Ийгилик! Жакшы жаңылык. Жеңишке жетишиңерге тилектешмин.
13.08.2021. 16:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Соонун передача. Кымбат продукты кетпейт, эл учун болот баары деп аткан ведущий. Анара сизге ийгилик каалайм, бизге да жуксун жуксун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: