super.kg logo

Өлкөгө казак тарап буудайдын миң тонна үрөнүн жардам катары берүү маселеси каралып жатканы айтылды

 

Казакстан тараптын демилгеси боюнча тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Казакстандын Кыргыз Республикасындагы жаңы дайындалган атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Рапил Жошыбаевди кабыл алды. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, эки тарап саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, чек ара чөйрөсүндөгү Кыргыз-Казак мамилесинин учурдагы жана актуалдуу маселелерин кеңири талкуулашты. Мамлекет башчыларынын ортосунда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшү, ошондой эле эл аралык уюмдардын жана аймактык бирикмелердин алкагында өз ара аракеттенүү маселелери боюнча пикир алмашты.

Министр казак тарапка азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо, ошондой эле коронавирус пандемиясынын жайылышына каршы күрөшүү үчүн көрсөтүлгөн гуманитардык жардам үчүн ыраазычылык билдирди. Элчи казак тарап быйылкы жылы миң тонна күздүк буудайдын түшүмдүү үрөнүн гранттык жардам катары берүү маселесин карап жатканын маалымдады.

Соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташуу боюнча тараптар ишкер кеңешти активдештирүү, айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн ыңгайлуулугу үчүн чек ара аймактарында биргелешкен соода-логистикалык борборлорду түзүүнү тездетүү, ошондой эле товарлардын транзити боюнча пикир алмашышты. Кыргыз тарап эки өлкөнүн аймагы аркылуу Кыргыз жарандарынын Казакстанга кирүүсүнө жана транспорт каражаттарынын жана жарандардын эркин жүрүүсү жана транзити үчүн чектөө чараларын мүмкүн болушунча эртерээк алып салуу зарылдыгына өзгөчө көңүл бурду.

Сүйлөшүүлөрдүн соңунда тараптар Кыргыз мамлекети менен Казакстандын ортосундагы кызыкчылык туудурган бардык тармактарда тыгыз кызматташтыктын мындан ары бекемделишине ишенимин билдиришти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: