super.kg logo

"Эч кандай кийлигишпеши керек". Садыр Жапаров экономикалык кылмыштарды иликтөө демилгесине каршы чыкты

 

Президент Садыр Жапаров Экономика жана финансы министрлигинин экономикалык чөйрөдөгү мыйзам бузууларды аныктоо жана аларга бөгөт коюу боюнча ички иштер органдарынын участкалык кызматкерлеринин ыйгарым укуктарын кеңейтүү демилгеси боюнча өз позициясын билдирди. Бул тууралуу президенттин админстрациясынан билдиришти.

Мамлекет башчысынын белгилешинче, ички иштер органдарынын кызматкерлери ишкердик субъектилердин ишине эч кандай кийлигишпеши керек.

"Участкалык ыйгарым укуктуу милиция кызматкерлери өздөрүнүн түздөн-түз милдеттерин - коомдук тартипти коргоо жана ага бөлүнгөн участокто кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча профилактикалык иштерди аткарууга милдеттүү. Учурда өлкөдө текшерүүлөрдүн азайышы жана инвестицияларды тартуу менен ишкердик кылууга жагымдуу шарттар түзүлүп жатат.

Буга байланыштуу президент Садыр Жапаров Экономика жана финансы министрлигинин участкалык милиция кызматкерлерине аталган ыйгарым укуктарды берүү демилгесине караманча каршы чыгат", - деп жазылат мааалыматта.

Эске салсак, буга чейин милициянын участкалык кызматкерлерине экономикалык тармактагы мыйзам бузууларды иликтөө боюнча ыйгарым укуктарды берүү пландалып жаткан.

Буга 15-июлда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Акылбек Жапаров ИИМ менен салык кызматына мекемелер аралык комиссия түзүп, экономикалык тармактагы мыйзам бузууларды аныктоо жана бөгөт коюу боюнча ИИМге ыйгарым укуктарды берүү боюнча документтин долбоорун бир ай ичинде иштеп чыгууну жана министрлер кабинетине сунуштоону тапшырганы себеп болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: