500 сомго чейин көтөрүлөт. Өлкөдө 1-октябрдан тартып пенсия жогорулайт
Өлкөдө ушул жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын өлчөмү жогорулайт. Бул тууралуу социалдык камсыздоо фондунун басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, ушул жылдын 1-октябрынан тартып 4 миң 785 сом 4 тыйын сомго чейинки пенсия 200 сом, ал эми андан жогорку суммадагы пенсиялар 500 сомго жогорулайт.
Буга чейин Министрлер кабинети жалпы пенсиянын суммасы өткөн жылдагы пенсионердин жашоо минимумунан (4 миң 785 сом 4 тыйын) төмөн болсо, аны 10 пайызга жогорулатууну сунуштаган.
Ал эми Социалдык фонд өлкөдөгү орточо пенсия 6 миң 248 сом экендигин маалымдады. Өлкөдөгү пенсионерлердин 48 пайызы же 343 миң 800 пенсионер жашоо минимумунан төмөн пенсия алат.
Белгилей кетсек, учурда өлкөдө пенсия алуучулардын жалпы саны 715,5 миң адамды түзөт.










1 |