Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата жасалган алтын жана күмүш тыйындар жүгүртүүгө чыгат
Улуттук банк 2021-жылдын 16-августунан тартып Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата "Тарыхый окуялар" сериясындагы "Эгемен Кыргыз Республикасына 30 жыл" аталышындагы алтын жана күмүш коллекциялык монеталарын жүгүртүүгө чыгарат. Бул тууралуу Улуттук Банктын басма сөз кызматы кабарлады.
Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгынын урматына чыгарылып жаткан тыйындардын сүрөтү Улуттук банктын сайтына жарыяланды.
Анда алтын монетанын алдыңкы бетинин негизги сюжетинен болуп, кыргыз элинин биримдигин жана гүлдөп-өркүндөшүн чагылдырган улуттук оюулар менен кооздолгон, жетишкендиктин жана бакубаттуулуктун символу катары боз үйдүн сүрөтү саналат. Боз үйдүн чок ортосунда «30 жыл» деген жазуу түшүрүлгөн. Төмөнкү бөлүгүндө монетанын номиналы жана улуттук валютанын графикалык символу көрсөтүлгөн. Ал эми тыйынды тегерете "Эгемен Кыргыз Республикасына 30 жыл" аталышындагы жазуу кыргыз жана орус тилинде жазылган.
Тыйындын арткы бетинде болсо улуттук оюулар менен шырдактын, кийиздин сүрөтү түшүрүлгөн. Так ортосунда Кыргыз Республикасынын герби жайгашкан. Ал эми сол жагында сапат белгиси (Au 999°) жана монетанын салмагы (7,78 g), оң тарабында болсо чыгарылган жылы (2021) көрсөтүлгөн. Ошондой эле монетаны тегерете «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы" деп кыргыз жана орус тилинде жазылган.
Алтын монеталар 100 сомдук болуп чыгарылууда.
Ал эми 10 сомдук номинал менен чыгарылып жаткан күмүш монетанын алдыңкы бетинин негизги сюжетинен болуп, региондор аралык жана аймактык биримдиктин символу катары гүлдүн жети желекчеси түрүндө берилген жана "30 жыл" жазуусу менен бириктирилген Кыргыз өлкөсүндөгү 7 облустун географиялык картасынын сүрөтү саналат. Монетанын төмөнкү бөлүгүндө «Эгемен Кыргыз Республикасына 30 жыл» жазуусу түшүрүлгөн. Сол жагында металлдын сапат белгиси (Ag 925) жана монетанын салмагы (28,28 g), оң тарабында тыйындын номиналы (10 сом) чагылдырылган.
Монетанын арткы бетинин чок ортосунда өлкөнүн желегинин элесин билдирген, улуттук оюулар жана күндүн нурлары менен курчалган Кыргыз Республикасынын герби түшүрүлгөн. Монетанын төмөнкү бөлүгүндө чыгарылган жылы (2021) көрсөтүлгөн. Ошондой эле,тыйынды тегерете "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы" деп кыргыз жана орус тилдеринде жазылган.
Улуттук Банк ошондой эле аталган монеталардын коллекциясы 1000 даанадан чыгарыларын жана өлкө аймагында расмий төлөм статусуна ээ экендигин баса белгиледи.


Жапаров менен Ташиев Кыргызстанды 120 жыл илгерки Кыргызстан Россияга колония болуп турган убакка алып барды. Баракелде... Даны колдоп журо бергиле дакансалар, Кыргызстан жоголуп кеткиче......