super.kg logo

№47 абактан өспүрүмдү зордуктоого аракет кылганы үчүн соттолгон жаран акыйкатчы Токон Мамытовго жардам сурап кайрылды

 

Акыйкатчы Токон Мамытов кечээ, 12-августта Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №47 түзөтүү колониясында болду. Бул тууралуу аталган институттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Иш сапардын жүрүшүндө ал жашы жете элек кызды зордуктоого аракет кылгандыгы үчүн Свердлов райондук соту тарабынан 9 жыл 4 айга эркинен ажыратылган Р.у.Э. аттуу соттолуучу менен сүйлөштү.

Соттолуучунун ишин Бишкек шаардык соту карап чыгып өкүмдү күчүндө калтырган.

"Жабырлануучу жана анын апасы тергөө учурунда жана сотто зордуктоо аракети болбогонун айтып беришкен. Бирок алардын көрсөтмөлөрүн тергөөчүлөр жана соттор эске алышкан эмес. Ал эми соттолуучу зордуктоо аракети болбогондуктан өкүмгө караманча каршы. Ал ошол учурда аялы жана кызы менен Кара-Жыгач токоюнда болгон. Ал зордуктоо аракети эмес, бейбаштык аракеттер болгонун моюнуна алат. Сөз аягында соттолуучу акыйкатчыдан кылмыш ишин Жогорку Сотто адилеттүү кароого көмөктөшүүнү суранды", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: