Баткенде мамлекеттик кызматкерлер бюджетке 3 миллион сомдой зыян келтиришкени аныкталды
Баткен облустук суу-чарба башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери мамлекетке 3 миллион сомго жакын зыян келтиришкендиги аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Баткен районунун Көк-Таш айылындагы "Головной" суу бөлүштүргүч жайын оңдоп-түзөө жана ага тийиштүү тетиктерди сатып алуу үчүн жарыяланган тендер боюнча, аталган башкармалыктын жооптуу кызматкерлери жумуш аткаруучуларга мыйзамсыз түрдө 1 миллион 657 миң 851 сом которушкан. Алар мамлекеттик сатып алуулардын талаптарын бузуп, өз кезегинде аталган объекттин оңдоп-түзөө иштерин аткарышкан эмес.
"Ошондой эле Баткен районунун Ак-Сай жана Капчыгай насостук станцияларын куруу боюнча тендерди өткөрүүдө, жогорудагы жооптуу кызматкерлер мамлекеттик сатып алуулардын талабына каршы келгендигине карабастан тендерде көрсөтүлгөн кызматтар үчүн эң жогорку бааны сунуштаган тарапты жеңүүчү деп табышкан. Анын кесепетинен мамлекеттен кеткен ашыкча чыгым 602 миң 503 сомду түзгөн.
Мындан сырткары, аталган башкармалыктын кызматкерлери 651 миң 396 сомду сый акы жана иш сапар чыгымдары катары мыйзамсыз чыгыштап, ал каражаттарды өздөрүнө ыйгарып алышкан.
Жооптуу кызматкерлердин мыйзамсыз аракеттеринен улам мамлекетке жалпы 2 миллион 916 миң 880 сом өлчөмүндө зыян келтирилген. Материалдар Жазык кодексинин 320-беренеси (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды", - деп билдиришти аталган мекемеден.

