super.kg logo

УКМК: "Эл аралык террордук уюмдун активдүү мүчөсү кармалды"

 

УКМК Эл аралык террордук уюмдун активдүү мүчөсүн кармады. Бул тууралуу аталган комитеттен билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, 11-августта УКМК тарабынан уланып жаткан терроризмге каршы иш-чаралардын алкагында, эл аралык террористтик уюмдардун активдүү мүчөсү, 1983-жылы туулган Кыргыз Республикасынын А.А. аттуу жараны кармалды.

Такталган маалымат боюнча, кармалган адам 2019-жылы Эл аралык террордук уюмдун бандиттик түзүлүштөрүнүн тарабында куралдуу чыр-чатакка катышуу максатында Кыргыз Республикасынан чыгып кеткен жана куралдуу чыр-чатактар зонасына өтүүнү пландаштырган.

Ооганстандагы "Ислам мамлекети" эл аралык террордук уюмунун лидерлеринен тапшырмсы менен, Кыргыз Республикасында террордук мүнөздөгү иш-аракеттерди уюштурууну пландаштырган.

Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жана сот органдарынын чечими менен кармалган адам Баткен облусунун убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда УКМК тарабынан А.А аттуу жарандын кылмыштуулукка байланышкан иштерин аныктоо боюнча ыкчам-издөө комплекстүү иш-чаралар уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: