Ошто жаңы үйлөнгөн жубайлар кортеждин ордуна 50 окуучуга окуу курал алып беришти






Турмуш жолуна жаңы кадам ташташкан Тынчтыкбек менен Бегимай кортеж менен жүрүүнүн ордуна 50 мектеп окуучусуна окуу куралдарын жана керектүү жабдыктарды алып беришти. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.
Иш-чара Ош облусунун мусулмандарынын казыятында өтүп, ага облус казысы Сайдамир Жейналиев, Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Абдималик Турсунбеков, «Ыйман-Бакыт» коомдук фондунун жетекчиси Талант Алмаматов, казыяттын аялдар менен иштөө адиси Жамийла Жапашова жана мектеп окуучулары катышты.
Саамалык алкагында облус казысы эки жаштын бул кадамы ашыкча чыгымдар менен күрөшүү экендигин баса белгилеп, мындай көрүнүш башкаларга дагы үлгү болуусу керектигин билдирди.
"Учурда мамлекетибиз жана дин чөйрө ашыкча чыгымдарга бөгөт коюу боюнча тыгыз иш алып барууда. Бүгүнкү көрүнүш ысырапкерчиликке каршы күрөшүүгө салым болсо, экинчи тараптан илим-билимдин өнүгүүсүнө материалдык жактан көмөктөшүү болуп саналат. Мамлекетибизде дал ушундай жаштар көбөйө берсин", - деди облус казысы.


Сүйлөмдүн ээси "мектеп окуучу"
Остаток товарларды жөн эле алып барып берип койгула да. Тойду, динди бетке кармабай
Муфтият калп эле динди пиярлап жатат. Муфтият да хайп жасаганды салт кылып алды. Биз деле мектепке динди пияр кылбай эле, жанылык кылбай эле коптогон парта, стулдарды сатып бергенбиз. Муфтият эки жуздуу болуп калганбы билбейм. Минтип динди пияр кылбай эле мектептерге жардам берип жаткан жарандар миндеп саналат.
Келечекте чачыңызды жайып жарым жылаңач болбой,
Хиджаб кийгенинизди көргүм келет!)
Эч качан башыма хиджаб, паранджа чумконбойм жана оронбойм. Оронгум да келбейт. Андан коро кыргыздан ар бир аял заты чачынарды жасап, кое берип, сулуулукту барктап жашагыла. Ар бир аял заты корктуу, сулуу болуусу абзел. Хиджаб чумконуп алгандан бактылуу болуп кетпейм.
Эл эмне дейт, коңшумдун ичи күйсүн деген түшүнүктөн алыс бололу