super.kg logo
  Саясат  

Жантөрө Сатыбалдиев АКШнын Кыргызстандагы элчиси Памела Спратленди кабыл алды

 
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев 31-октябрда Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Памела Спратленди кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандын энергетика тармагын реформалоо, анын ичинде CASA-1000 долбоорун ишке ашыруу маселелери талкууланды. Мындан сырткары тараптар учурда Бишкекте өтүп жаткан энергетика тармагын реформалоо боюнча эл аралык конференциянын маанилүүлүгүн өзгөчө белгилешти. Премьер-министр энергетика тармагы тоо-кен өнөр жайы жана туризм менен катар ата мекендик экономиканын келечектүү багыты болуп саналарын белгиледи. Памела Спратлен өкмөт менен «Центерра Голд Инк.» жетекчилигинин ортосундагы «Кумтөр» долбоорун реструктуралоо боюнча сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүнө кызыкты. «Кыргызстан үчүн «Кумтөр» маселесин сүйлөшүү жолу менен гана чечүү маанилүү. «Кумтөр» маселесин тынч жол менен чечүү өлкөнүн кадыр-баркына жакшы таасир жаратып, инвестициялык климат да жакшырат»,- деди элчи.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: