Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын төрайымы болуп Акак Айболотова шайланды
Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын төрайымы болуп Акак Айболотова шайланды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн ачык добуш берүүсүнүн натыйжасында (6 добуш) Акак Айболотова төрага, Минара Ишеналиева катчы болуп шайланды. Биринчи жыйналышка Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын 8 мүчөсү катышты.
10-августта Борбордук шайлоо комиссиясы Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын жаңы курамын түзгөн. Биринчи жыйналышты тийиштүү шайлоо комиссиясынын курагы улуу мүчөсү ачат жана алып барат, шайлоо комиссиясынын төрагасын жана катчысын шайлоо өткөрүлөт.
Добуш берүүгө катышкан аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн жарымынан көбүнүн добушун алган талапкер аймактык шайлоо комиссиясынын шайланган төрагасы деп эсептелет.

