Бишкектин мэрлигине дагы деле эч кимдин документи тапшырыла элек
9-августта Бишкектин мэрлигине талапкерлерди каттоо үчүн документтер кабыл алына баштаганы жарыяланган.
Бүгүнкү күнгө чейин бул кызматка талапкерлигин көрсөтүү үчүн дагы деле эч кимдин документи тапшырыла элек. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Айбек Стамов тастыктады.
Мэрди шайлоо 26-августка дайындалды. Шайлоо саат 09:00дөн 12:00гө чейин өткөрүлөт. Мыйзамдарга ылайык, шаар мэри кызмат ордуна талапкерди көрсөтүүгө шаардык кеңештин депутаттык фракциялары, фракциялардын коалициялары жана министрлер кабинетинин төрагасы укуктуу.
Каттоо үчүн Бишкек шаарынын мэринин кызмат ордуна талапкерди көрсөткөн субъект 20-августтан кечиктирбестен саат 18:00гө чейин Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына документтерди кабыл алышы керек.

