Көөдөнүң көркөмдүктү эңсегенде... Бишкектеги көз жоосун алган гүлзарлар (сүрөт)















Бишкек шаардык мэриясы Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата калаадагы 30 клумбада өстүрүлгөн гүлзарлардын сүрөтүн жарыялады. Анда борбор калаанын ар кайсы райондорунда жайгашкан гүлзарларды көрүүгө болот.
"Эки аптадан соң өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын майрамдоого киришебиз. Биз бардык жарандарга, борбордун конокторуна Кыргыз өлкөсүнүн эгемендүүлүгүнүн символу болгон 30 кооз гүлзарды белек кылууну чечтик", - деп Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.
Шаар тургундары гүлзарларды Жаш Гвардия бульварынан Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын жанынан, өкмөт үйүнүн алдындагы жана дене тарбия скверинен, Эмен жана "Ынтымак 2" сейил багынан, Түштүк магистралдын боюнан, Чолпон-Ата көчөсүнүн эңкейишинен, Иса Ахунбаев жана 7-Апрель көчөлөрүнүн кесилишинен кезиктире алышат.

