super.kg logo

"Жашыл дарактардын эстелиги". Бишкектеги "Ынтымак" сейил багындагы энергия багынын орнотулушу нааразычылык жаратты

 

16-август күнү "Ынтымак 2" сейил багынын түндүк-батыш бөлүгүндөгү фонтандын ичинде жаркырап турган энергия багы орнотулган. Бул көрүнүшкө социалдык тармактын колдонуучулары нааразы болушууда. Алардын биринин айтымында, бул электр энергиясын үнөмдөгүлө деген чакырыкка кайчы көрүнүш.

"Профилактика деген шылтоо менен шаардын электр жарыгы өчүрүлүп, Токтогул суу сактагычында суу жетпей, электр энергиясын үнөмдөөгө чакырыктар болуп жаткан учурда сейил бакта сугат суунун жетишсиздигинен жарандар чоң акчага сатып алган көчөттөр, бак-дарактар куурап жаткан учурда, жогору жактагылар, "Ынтымак" сейил багына лампочкалары бар темир бакты коюп жатасыңар.

Бул чума маалындагы майрамбы?! Эмнеге материалдарга жана эмгек чыгымдарына жумшалган акчаны калган көчөттөрдүн сугаруусун калыбына келтирүү жана оңдоо үчүн жумушчулардын акыларына жумшасак болбойт. Бул дарак албетте жакшынакай, бирок ал бизди ысыктан куткарбайт жана аман калган тирүү дарактарга эч кандай жардам бербейт.

Бул баалуулук эмес. Бул тескерисинче, коррупциянын жана акыркы жылдары талкаланган бардык жашыл дарактардын эстелиги", - деп жазган интернет колдонуучулардын бири.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
17.08.2021. 08:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Же туура айтыптыр эстелик деп
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: