Эртеңден баштап окутуулар өткөрүлүп, түшүндүрүү иштери күчөтүлөт. Кыргыз-Тажик облус башчылары жолугушту



Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев жана Тажикстандын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Ражаббой Ахмадзода баштаган эки тараптын Баткен, Лейлек жана Исфара райондорунун акимдеринин жана облустук күч түзүмдөрүнүн жетекчилери чектеш аймакта жолугушту. Бул туурасында облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн маалымат кызматынан кабарлашты.
"Жолугушууда эки тарап ар бир чек арада катталган, соңку күндөрү болуп жаткан окуяларды талкууга алышты. Кандай катачылыктар, ким тараптан кемчиликтер келтирилгендиги туурасында сөз кылышты. Мындан сырткары тиешелүү күч түзүмдөрүнүн жетекчилерине орун алган окуялар боюнча териштирүү иш-аракеттери боюнча сөз берилди.
Жолугушуунун жыйынтыгында эртең, 17-августтан баштап:
Чек ара кызматтарынын жер-жерлердеги чек ара заставалардын башчыларынын биргеликте терс көрүнүштөр боюнча окутууларды өткөрүү;
Эки тараптуу милиция кызматкерлеринин биргеликте чек арага жакын аймактарда кошумча алдын алуу боюнча окутуу сабактарын өткөрүп иштөөнүн натыйжасын күчөтүү;
Чек арадагы чектеш айылдардагы жергиликтүү калк арасында түшүндүрүү иш-чараларын өткөрүү жана чагымчыл аракеттерге бөгөт коюу;
Чектеш аймактарда чыр-чатак орун алган окуялар боюнча күч органдары тарабынан козголгон фактылар жана күч органдары тарабынан даярдалган материалдарды алмаштыруу.
Жолугушуунун максаты - Кыргыз-Тажик чек арасындагы аймактарда чыр-чатактарды биргеликте алдын алуу, болтурбоо. Тараптардын облус башчыларынын деңгээлиндеги жолугушуусун ай сайын эки жолу уюштуруу макулдашылды", - дешти мекемеден.



1 |