super.kg logo

"Өзү тууралуу эч маалымат айта алган эмес". Ысык-Көлдө Даун синдрому бар кыз адашып кетти

 
Каракол шаарында Даун синдрому менен ооруган 9 жашар кыз адашып кетти. Ал милиция кызматкерлери тарабынан табылып, ата-энесине өткөрүлүп берилди.
Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашкандай, 16-августта болжол менен саат 15:45 чамаларында 9 жаштагы кыз адашып жүргөн. Милицияга кабар бергендер кыз жакшы жана так сүйлөй албагындыгын дагы кошумчалашкан.
"Каракол ШИИБинин жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын инспекторлору кыз менен сүйлөшкөндө, ал өзүн Женя деп тааныштырган. Бирок өзү тууралуу эч маалымат айта алган эмес.
Милиция кызматкерлери жоголгон кыздын ата-энесин аныктоо үчүн аймакты толугу менен кыдырып, ал жерде жашаган адамдарды сураштырып, бир саатта кыздын ата-энесин табышты.
Белгилүү болгондой, кыздын ата-энеси 44 жаштагы А.А. жана 41 жаштагы А.О. (Орус жарандары) тогуз жашар кызы А.Е. менен Каракол шаарында жашаган апасына келишкени аныкталды. Ошондой эле жоголгон кыз Тверь шаарындагы Даун оорусуна чалдыккан балдардын атайын мектеп-интернатынын 3-классында билим алары белгилүү болду", - дешти мекемеден.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
17.08.2021. 11:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аа орус экен да. Кыргыз болгондо аймактарды кыдырбай эле, милиция болумуно алып барып, кабар берип коёт эле "ушундай кыз табылды, келип алып кеткиле" деп.
Супер инфого дагы чыкпайт эле бул кабар, кыргыз болгондо.
Asyl.jazi түзөттү 2021-08-17 11:20:09
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: