Билдирүүгө ылайык, көчөнүн узундугу 560 метр, жолдун туурасы 8 метрди түзөт.
Оӊдоо иштери башталардын алдында тоскоолдук жараткан 16 телефон мамысы алынат. Ошондой эле көчөнүн бир жагына ирригация тармагы, экинчи жагына жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөк салынат.
"Тыгындардын алдын алуу үчүн сиздерден унаа менен жүрүү маршрутун алдын ала пландаштырууну суранабыз", - деп жазылат мэриянын маалыматында.