Жөлөк пулдун кандай түрлөрү бар? Аны кимдер ала алышат? Адистин жообу
SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө жөлөк пул боюнча кайрылган окурмандардын саны арбын. Анда алар балдарына жөлөк пул чыгарууда ар кандай тоскоолдуктарга учурап жаткандыктарын айтышууда.
Бул боюнча Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигине караштуу мамлекеттик жөлөк пулдар бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Жаныгүл Мелисбек кызына кайрылдык.
Анда ал жөлөк пулдун түрлөрү, алар кимдерге берилери боюнча айтып берди.
Жөлөк пулдун 4 түрү бар. Алар:
1. Балага сүйүнчү төлөмү
Ал 4 миң сом өлчөмүндө. Сүйүнчү пулду алуу үчүн жарандарды кабыл алуу бөлүмүнө арыз, телефон номерин таштайт. Эки күндүн ичинде жаран көрсөткөн номерге СМС барат. Жөлөк пулдун бул түрүн алуу үчүн бала 6 айга толгонго чейин кайрылуу керек.
2. "Үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулу
Бул 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга берилет.
"Үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулун дайындоо үчүн факт түрүндө жашаган жери боюнча эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгына кайрылуу керек. Муну менен катар катталган жери мааниге ээ эмес.
"Үй-бүлөгө көмөктү" төмөнкү үй-бүлөлөр ала алат:
- 16 жашка чейинки балдары бар;
- Үй-бүлөдө бир адамга бир айлык киреше кепилденген эң төмөнкү кирешеден, башкача айтканда, 1000 сомдон төмөн болсо.
"Үй-бүлөгө көмөк" дайындоодо эске алынуучу жагдайлар:
- айлык акы, стипендия;
- ишкердик ишинен түшкөн кирешелер (салык органдарынын маалымкатынын негизинде);
- жерди, үйгө караштуу участокту иштетүүдөн, мал чарбасынан түшкөн кирешелер (айыл өкмөтүнүн маалымкатынын негизинде) жана башкалар.
"Үй-бүлөгө көмөк" дайындоодо төмөнкү кирешелер эске алынбайт:
- пенсиянын бардык түрлөрү;
- мамлекеттик жөлөк пулдар;
- сөөк коюу үчүн жөлөк пулдар;
- кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пулдар;
- жумушсуздук боюнча жөлөк пулдар жана башкалар.
"Үй-бүлөгө көмөк" дайындоо үчүн керектелүүчү документтер:
- паспорт;
- балдардын төрөлгөндүгү тууралуу күбөлүк;
- үй-бүлөнүн жыйынды кирешеси тууралуу маалымат;
- банктык маалымдаректер.
Эгерде тиешелүү мамлекеттик органдардын маалымат базасында керектүү маалматтар жок болсо, кошумча төмөнкү документтер талап кылынат:
- жердин өлчөмүн жана түшүмдүүлүгүн көрсөтүү менен жердин барлыгы тууралуу маалымкат;
- мал чарбасынын түрү жана саны тууралуу маалымкат;
- статусту же кирешени тастыктоо зарылдыгына жараша башка документтер.
1-августка карата өлкөдө жалпы 366 миң 942 бала жөлөк пул алат. Алардын ичинен 114 миң 139 үй-бүлөнүн ичинде.
3. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга төлөнүүчү социалдык жөлөк пул
18 жашка чейинки балдарга 4 миң өлчөмүндө чектелет.
Мында кичинекей кезинен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин:
- 1-топтогу майыптарга - 4 миң сом
- 2-топтогу майыптарга - 3 миң 300 сом
- 3-топтогу майыптарга - 2 миң 700 сом
Ошондой эле жалпы оорусунун негизинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандардын:
- 1 топтогулар - 2 миң сом;
- 2-топтогулары - 1 500 сом
- 3-топтогулары - 1 000
4. Ата-энесинин экөө тең жок болгон балдарга берилет.
Анын өлчөмү 2 миң сом.
Өлкөдө акыркы он жыл ичинде жөлөк пул алгандардын саны көбөйгөнү байкалды. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2010-жылы жөлөк пул алгандардын саны республика боюнча 429 миң 664тү түзсө, 2020-жылы бул көрсөткүч 435 миң 898ди түздү.
кошулду

























1 |