super.kg logo

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулар тобу эл аралык мелдешке катышат

 

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары жакынкы арада Казакстан Республикасында өтө турган эл аралык мелдешке даярдык көрүүдө. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунда ӨКМнын облустук башкармалыктарынан куткаруучулар тандалып келген. Алар алдыдагы 1 айлык убакытта аталган борбордо билимдерин жогорулатуу үчүн атайын окуудан өтүшөт. Ал убакыт аралыгында куткаруунун бардык түрүн окуп үйрөнүшөт.

Ал эми эл аралык мелдешке жалпысынан 8 куткаруучу тандалып алынары айтылган. Мындай иш-чаралар куткаруучулардын эл аралык аренада профессионалдуулугун далилдөө үчүн өткөрүлүп жатканы маалым болду.

Эске салсак, ӨКМнын куткаруучулар тобу буга чейин дагы КАЗПАСС эл аралык мелдештерине катышып, алдыңкы орундарды багындырып келген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: