"20 жаштагы уулум бейкүнөө эле абакта отурат" дейт Москвадагы мигранттардын массалык мушташындагы жабырлануучунун апасы
SUPER.KG порталына "Кузьминки" метро станциясында болгон мушташтагы жабырлануучунун апасы кайрылды. Анда ал 20 жаштагы уулу бейкүнөө эле абакта кармалып жатканын айтты.
"12-июлда түнкү саат 23:00дөн өткөн соң балам үйдөн чыгып кеткен. Үйдөн чыккан соң бир аз баскандан кийин эле сейил бак жана самсыкана бар. Ошол жерде адамдар топтолуп турганын, мушташ болуп жатканын көрүп, уулум видеого тартып койгон экен.
Уулумду полиция кызматкерлери 12синен 13үнө караган түнү кармап алып кетишкен. Эки күндөн кийин соту болду. Анда 15 суткага камады. Ага чейин сарсанаа болуп, баламды күнөөсүз эле алып кетти деп арыз жаздым. Бир-эки видео тартканына административдик айып пул салынды. Эми 15 күндөн кийин айып пул төлөп чыгара алабыз десем, кармоо 48 саатка узартылды.
Уулумдун баш коргоо чарасы каралып, ал жерден депортация болду. Мындан тышкары кылмыш иши ачыларын айтышты.
Уулум ыйлап чыгып "мага кылмыш иши ачылат экен, жактоочу табасыңарбы?" деп сурап жатат деди. Мен жактоочу таптым. Ошентип 13-июлда кармалган баламдын соту 3-августта болду.
Уулума кылмыш иши ачылып, бир ай 13 күнгө СИЗОго киргизилди. "4 кишилик камерага 5-киши кылып киргизип койду. Ден соолугум начарлап жатат, ар кайсы жерим ооруп баштады" деди уулум.
Уулум бейкүнөө эле абакта отурат. Жолдо өтүп бара жатып окуяны видеого тартып койгону үчүн абакта. Кимге кайрыларымды билбей жатам", - деди Бурул Мамбетова.
Мындан тышкары Бурул Мамбетова уулу авто мектепте окуй тургандыгын айтып, жакынкы аралыкта соту болорун кошумчалады. Ошондой эле 12-июлда уулу тарткан видеолорду жөнөттү.
Окуянын чоо-жайы:
Буга чейин Москва шаарындагы "Кузьминки" метро станциясынын жанында жүздөгөн мигрант массалык мушташ уюштурушканы белгилүү болгон.
Ал эми окуя тууралуу Кыргыздын Орусиядагы элчилиги билдирүү таратып, анда мушташтын себептери тууралуу айтылган кептер чындыкка дал келбейт деген.
Андан кийин мушташ кыздардын айынан келип чыккандыгын орусиялык басылмалар жазып чыгышкан. Ошондой эле Москвадагы мигранттардын массалык мушташы: Катышкандарга айып салынып, өлкөдөн чыгарыларын орусиялык басылмалар жазышкан.
Андан соң Москвадагы мигранттардын массалык мушташына катышкан Кыргыз жарандары Орусиядагы Кыргыз өлкөсүнүн элчилигинде билдирүү жасашкан. Москвадагы "Кузьминки" метросунун жанындагы массалык мушташ боюнча Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилиги кармалган Кыргыз жарандарынан кабар алган.
Көп өтпөй мушташка катышкан 26 Кыргыз жараны өлкөгө депортация болгон.




1 |