super.kg logo

"Активдүү жарандар байгеге ээ болушат". Бишкек мэриясы шаардыктарды диалогго чакырууда

 
Бишкек шаарынын мэриясында вице-мэр Виктория Мозгачеванын "Шаардыктар менен борбордун мэриясынын ортосундагы ачык диалог" долбоору боюнча биринчи жумушчу жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, борбордо 6 жолугушуу - шаардыктар менен ачык диалог жана жыйынтыктоочу тегерек стол өтөт.
"Бардык жолугушуулардын жыйынтыгы боюнча, 60 активдүү бишкектик байгеге ээ болушат. Фейсбук социалдык тармагындагы төрт акимчиликтин баракчалары боюнча суроолорду берсеңиз болот.
Урматтуу шаардыктар, биринчи жолугушуу 21-августта саат 18:00дөн 20:00гө чейин "Ден соолук" сейил багында мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн жеткиликтүү жана ыңгайлуу чөйрө темасында өтөт. Баарыңыздарды диалогго катышууга чакырабыз", - деп айтылат маалыматта.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: