"Апасы ичип, балдарын таштап кеткендиктен ата-энелик укугунан ажыратылган". Компьютердик клубда баш калкалаган өспүрүм боюнча мэриянын билдирүүсү

Бишкекте компьютердик клубда жашоого мажбур болгон 15 жаштагы өспүрүм менен шаардык мэриянын кызматкерлери сүйлөштү. Тиешелүү иштерден кийин Биринчи Май райондук сотунун чечиминин негизинде өспүрүм мамлекеттин толук камкордугуна алынган мекемеге өттү. Ал Военно-Антоновкадагы балдар үйүнүн тарбиялануучусу экенин Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.
"15 жаштагы Никитанын айтымында, ал мурда Бишкек шаардык мэриясынын Балдарды жана жаштарды реабилитациялоо борборунда жашаган, борбор жабылгандан кийин апасы аны алып кеткен. Бирок ал апасынын кайда экенин билбейт.
Биринчи Май районунун үй-бүлөнү жана баланы колдоо башкармалыгынын кызматкерлери өспүрүм баш калкалаган жерге барды. "Магнит" унаа жуучу жайдын администратору менен сүйлөшүү учурунда, Никита бир аптадан бери келбегени белгилүү болду. Кийинчерээк Никита Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын жашы жете электер менен иштөө инспекторлору тарабынан табылды.
Өспүрүм менен сүйлөшкөндөн кийин анын аты 2007-жылы туулган Вадим Александрович Колесник экени, июль айынын башында ал Военно-Антоновкадагы балдар үйүнөн качып кеткени белгилүү болду.
Бүгүн, 17-августта Военно-Антоновкадагы балдар үйүнүн директорунун орун басары Асаналиевага жашы жете элек баланы көзөмөлгө алуу өтүнүчү менен өткөрүлдү.
Баланын энеси спирт ичимдиктерин ашыкча пайдаланып, эч жерде иштебей кайыр сурап, балдарын таштап кеткендигинен улам 3 баласынан тең ата-энелик укуктарынан ажыратылган. Ал эми атасы тууралуу маалымат таптакыр жок экенин билдиребиз. Бала кайыр суроо максатында бир нече жолу Бишкек шаарына качкан. Мисалы, ушул эле жылы ал компьютер оюндарын ойноо үчүн интернаттан 2 жолу качып кеткен", - дешти мекемеден.
Буга чейин интернетке 15 жаштагы бала компьютердик клубда жашап жатканы тууралуу тараган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:56
2025-07-29

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.