super.kg logo

"Эң улуусу 74, кичүүсү 6 жашта". Кубакы ашуусундагы үрөй учурган кырсыкта каза болгондордун жана жабыркагандардын аты-жөнү белгилүү болду

 
Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун Кубакы ашуусунда жол кырсыгы катталып, 5 адам, кийинчерээк каза болгондордун саны 7ге жеткени маалымдалган. Дагы 14 адам жаракат алды. Республикалык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматынан кырсыкка кабылгандардын аты-жөнүн жарыялады.
Каза болгондор:
1947-жылы туулган Т.Ж. (эркек);
1962-жылы туулган М.Ы. (эркек);
1976-жылы туулган Д.С. (аял);
1994-жылы туулган Э.А. (аял);
1961-жылы туулган С.Т. (аял);
1959-жылы туулган И.Э. (аял);
2015-жылы туулган Н.А.
Жабыркагандар:
1965-жылы туулган О.Г. (аял);
1967-жылы туулган Э.Д. (аял);
2007-жылы туулган К.А.;
1978-жылы туулган А.Ж. (эркек);
2006-жылы туулган Б.Э.;
1962-жылы туулган М.Ы. (эркек);
2015-жылы туулган Н.А.;
2006-жылы туулган М. уулу Б.;
2006-жылы туулган Т. уулу Б.;
1983-жылы туулган А.У. (эркек);
1990-жылы туулган Н. уулу И. (эркек);
1973-жылы туулган Н.Г. (аял);
1999-жылы туулган К.Т. (эркек);
1991-жылы туулган И. кызы Р. (аял).
"Жол кырсыгы 17-августта саат 11:00 чамасында Кубакы-Кочкор ашуусунда катталды. Анда МАН жүк ташуучу унаа Бишкек багытында бара жатып чукул бурулушта тормузу иштебей калып карама-каршы тилкедеги 22 жүргүнчүсү менен бара жаткан Мерседес-Спринтер автоунаасы менен сүзүштү. Кырсыктын кесепетинен эки унаа тең жолдун сол тарабындагы жээкке оодарылган. Окуя болгон жерде жолду бөлгөн сызыктары жок. МАН автоунаасынын айдоочусунун айтымында, унаанын тормозу иштебей чукул бурулуштан жолго батпай калып, карама-каршы тилкеге чыккан. Кырсыктан 7 адам каза болуп, 14 адам ар кандай оор жаракаттарды алышты. Учурда бул факты боюнча зарыл болгон экспертизалар дайындалып, сотко чейинки өндүрүш жүрүүдө.
Урматтуу жүргүнчүлөр, айдоочулар, жол кыймылынын эрежелерин сактаңыздар! Бузулган унаа жол кыймылынын коопсуздугуна түздөн-түз коркунуч жаратат. Унаанын техникалык абалына ээлеринин шалаакы мамилеси оор кесепеттерге алып келиши мүмкүн", - дешти мекемеден.

кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: