super.kg logo

Талас шаарынын борбордук базарынын айланасы иретке келтирилди

 

Талас ОИИБинин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери Талас шаарынын борбордук базарынын айланасын иретке келтиришти. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, 17-август күнү Талас облусунун Талас шаарындагы борбордук базарынын айланасында унаа токтоочу жайларында унааларды туура эмес токтотуп жол тыгындарды жараткан айдоочуларга жана эл ташыган Талас-Бишкек каттамындагы такси кызматында иштеген, ошондой эле шаар жана райондор аралыгы боюнча иштеген такси кызматынын айдоочуларына жол кыймылынын эрежелерин сактоосу менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Ал эми Талас шаарындагы борбордук базарынын айланасында унаа токтоочу жайларда туура эмес токтотуп, тыгын жараткан айдоочулардын жол белгисине баш ийбегени тууралуу 12 тиешелүү протоколдор толтурулду. Мас абалында унаа айдаган 3 айдоочу кармалды. Мындан тышкары башка жол эрежелерин бузган 64 айдоочуларга Бузуулар кодекси боюнча тиешелүү протоколдор толтурулган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: