super.kg logo

Кыргыз-Өзбек өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө макулдашуу ратификацияланды

 

Кыргыз-Өзбек өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө макулдашуу ратификацияланды. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тийиштүү мыйзам долбооруна президент Садыр Жапаров кол койду.

Бул мыйзамдын негизги максаты Кыргыз-Өзбек өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө Кыргыз өкмөтү менен Өзбекстан өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууну ратификациялоо боюнча мамлекет ичиндеги процедураларды өткөрүү болуп саналат.

Фонд Кыргыз өлкөсүнүн экономикасынын приоритеттүү тармактарында өзүн-өзү актаган долбоорлорду зайым берүү, капиталына катышуу жана башка финансы инструменттерин пайдалануу менен Кыргыз өлкөсүнүн аймагында катталып жана ишмердүүлүгүн жүргүзгөн чарба субъектилерине каржылоо жүргүзөт. Буга байланыштуу Кыргыз өлкөсү менен Өзбекстандын экономикалык кызматташтыгы, экономиканы модернизациялоо жана өнүктүрүү, эки тараптуу кызматташтыктын мүмкүнчүлүктөрүн натыйжалуу пайдалануу пландалууда.

Фонд уставдык капиталы 50 миллион доллар менен болуп, ал Өзбекстан тарабынан салынып, кийинчерээк уставдык капиталы 200 миллион долларга чейин жеткирилген эл аралык уюм болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
18.08.2021. 10:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстан-Орусия онкутуруу фонду сыяктуу эле фонд экен да бул дагы.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: