super.kg logo
  Спорт  

Олимпиада: Нурбек Изабеков Айпери Медет кызын жеңилүүгө алып келген челленжди эмнеге басканын айтты

 

Кыз-келиндер курама командасынын башкы машыктыруучусу Нурбек Изабеков "Токио-2020" жайкы Олмпиада оюндарындагы Айпери Медет кызынын жарым финалдык беттешинде жеңилүүгө алып келген челленжди эмне себептен басканын Биринчи радиого берген маегинде айтып берди.

Башкы машыктыруучунун айтымында, ал челленжди күрөш учурунда талаштуу жагдай орун алгандыгы үчүн өз чечимин чыгарып баскан.

Айпери америкалык спортчу кыз менен күрөшүп жатканда талаш болуп калды. Мен машыктыруучу катары челленжди бастым. Ал жерде калыстар менен машыктыруучунун чечими кээде дал келбей калат. Мен өзүмдүн чечимимди чыгарып, челленжди баскам.

Бул жерде калыстар туура эмес чечим чыгарды деп айтуудан дагы алысмын. Себеби Олимпиадага эл аралык деңгээлдеги калыстар барат.

Биз спортчуларыбызды психологиялык жактан челленжи жок эле күрөшүүгө тарбиялайбыз. Челленж менен биз тарапка чечилип калган убакыттар дагы болгон. Негизинен биз спортчуларыбызды таза жеңишке жетүүгө тарбиялашыбыз керек", - деди Изабеков.

"Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарында Айпери Медет кызы жарым финалга чейин жетип, анда америкалык балбанга 3:2 эсебинде жеңилип калган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(3)
18.08.2021. 11:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Озунчо эле чечим чыгарбай турсан болмок балким женип калар эле
18.08.2021. 14:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Это он виноват, что Айпери Медет кызы "проиграла".
18.08.2021. 14:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул жерде калыстар туура эмес чечим чыгарды дегенден алысмын....Алыс болсоң анан билип туруп эмнеге бастың...Айт да ачыгын эле, Америкалык машыктыруучулар болуп көрбөгөндөй акча сунушташты деп...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: