"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Сокулук районундагы тазалык көзөмөлгө алынды
Буга чейин SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө Сокулук районунун тургуну кайрылып, райондогу борбордук базарда чоң темир ящиктеги таштанды төгүлбөй, дайыма толуп турарын айткан.
Бул боюнча Сокулук районунун акиминин биринчи орун басары Болоткан Баяке уулуна байланышканыбызда төмөнкүлөрдү билдирди.
"Биз кечээ күнү ушул туурасында айыл өкмөт башчылары менен сүйлөштүк. Бүгүн эртең менен да рейд кылганбыз, баары таза. Учурда борбордук таштанды төгүүчү жайыбыз өрт чыккандыгына байланыштуу жабык. Муниципалдык ишканалар таштандыларды Москва районундагы жана Бишкек шаарындагы таштанды төгүүчү жайларга чыгарууда. Алар колдон келишинче районду таза кармаганга аракет кылып жатышат", - деп билдирди Баяке уулу.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:56
2025-07-29

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.