"Эгемендүүлүк күнүнө карата". Бишкекте "Саркеч Эркиндик" мода көргөзмөсү өтөт
Бишкекте эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата BAIRA мода үйүнүн "Саркеч Эркиндик" мода көргөзмөсү өтөт. Бул тууралуу аталган мода үйүнүн социалдык тармактагы баракчасына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, иш-чара шаар калкын, өлкөнүн этникалык маданияты менен тааныштырууга, урбанизацияга, глобализацияга жана мамлекеттик эгемендүүлүктүн шартында улуттук элементтерди сактоого багытталган.
"Сиздин күнүмдүк жашооңузга арналган, заманбап жана стилдүү BAIRA кийим линиясы сунушталат. Моделдерде дизайнер BAIRA Толгонай жараткан түрдүү мезгилдердин коллекциялары болот. Бул уникалдуу мода иш-чарасы 19-август күнү саат 18:00дө Эркиндик бульварында орун алат (Москва жана Жоомарт Бөкөнбаев көчөлөрүнүн ортосунда). Катышуу акысыз", - деп айтылат маалыматта.

