19-августка карата аба ырайы менен таанышып алыңыз
Эртең, 19-августта Ысык-Көлдүн көпчүлүк аймагында, Чүй, Ош, Нарын жана Жалал-Абаддын айрым райондорунда жаан жаайт. Талас жана Баткенде жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдиришти.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +13 … +18, күндүз +29 … +34;
Талас облусунда түнкүсүн +7 … +12, күндүз +28 … +33;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +17 … +22, күндүз +31 … +36;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +9 … +14, күндүз +20 … +25;
Нарын облусунда түнкүсүн +5 … +10, күндүз +21 … +26 градус ысык болот.
Бишкекте жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +16 … +18, күндүз +30 … +32 градус ысык болот.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:56
2025-07-29

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.