Алымкадыр Бейшеналиев уу коргошун жөнүндө сөз кылбай турган болду
Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев мындан ары уу коргошун жөнүндө сөз кылбайт. Бул тууралуу SUPER.KG порталы министрге байланышканыбызда билдирди.
"Изилдөөлөрдүн жыйынтыгы чыкканга чейин уу коргошун жөнүндө сөз кылууну өзүмө тыюу салууну чечтим. Кыргыз эли уу коргошунга азырынча даяр эмес экен. Биз ал жөнүндө маалыматтарды туура эмес жеткирип алдык окшойт", - деп билдирди Бейшеналиев.
Эске салсак, 16-апрелде саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев маалымат жыйын өткөрүп, уу коргошун менен дарылоо боюнча түшүндүрмө берип, аталган өсүмдүктүн кайнатмасын түз эфирде ичкен. Бул коомчулукта ар кандай талкууларды жаратып, мындай дарылоо ыкмасына көпчүлүк сын-пикирин айтышкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:56
2025-07-29

Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
Dembele84

18.08.2021. 16:18
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Элге и башка олколорго Кыргызстанды шерменде кылып бутсонор анан кайдан соз кылмак элен?Маскарапоз министрди биринчи корушум!
Kamchy-bek

18.08.2021. 19:32
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шао линьге айтса болмок биринчи
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.