Руслан Казакбаев 15 Кыргыз жаранын Кабулдан эвакуациялоого жардам бергендиги үчүн Казакстанга ыраазычылыгын билдирди
Бүгүн, 18-августта тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Казакстандын тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки өлкөнүн тышкы саясат ведомстволорунун жетекчилери кыргыз-казак мамилелеринин күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулашып, Ооганстанагы аскердик-саясий абалдын курчушун эске алуу менен эл аралык жана аймактык маселелер боюнча пикир алмашышкан.
"Руслан Казакбаев Казакстан жетекчилигине жана Тышкы иштер министрлигине 15 Кыргыз жаранын Кабул шаарынан эвакуациялоого, ошондой эле Кыргыз өлкөсүнүн Ооганстандагы элчилигине көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирди. Бул көрүнүш биздин өлкөлөр ортосундагы бир туугандык, союздаштык жана ынак коңшулук мамилелердин жогорку деңгээлинин далили катары эсептелет.
Мухтар Тлеуберди Казакстан тарап Кыргыз өлкөсүнүн жарандарына жана Кыргыз өлкөсүнүн Ооганстандагы элчилигине байланыштуу маселелер боюнча мындан ары да жардам көрсөтүүгө даяр экендигин белгиледи", - деп жазылат билдирүүдө.
Мындан тышкары тараптар кырдаал курчуп кеткен учурда тез арада жооп берүү жана шашылыш маселелерди чечүү максатында Ооганстандагы абал боюнча өзүлөрүнүн чет өлкөдөгү мекемелери жана Тышкы иштер министрликтери аркылуу жана анын ичинде ЖККУнун алкагындагы өнөктөш өлкөлөр жана башка регионалдык уюмдар менен мындан аркы аракеттерди координациялоону макулдашышкан.
Жолугушуунун жүрүшүндө регионалдык күн тартибинин башка маселелери, алардын ичинде Нур-Султан шаарында боло турган Борбордук Азияда Ядролук куралдан эркин аймак жөнүндө келишимге катышкан мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин жолугушуусуна катышууга даярдыктар талкууланды.



1 |