Үч кабаттуу, 750 бала окуйт. Ак-Ордо конушунда мектептин курулушуна капсула салынды





Бишкектин Ак-Ордо конушунда бала бакчанын жана мектептин курулушуна капсула салынды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, курулуштун капсула салуу аземине калаа башчысы Айбек Жунушалиев жана конуштун тургундары катышты.
"Мектеп Ак-Ордо конушундагы Тагай-Бий жана Садыр-Аке көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан. Мектеп 750 балага, 23 окуу классына ылайыкташтырылган.
Жаңы курула баштаган мектеп үч блоктон: окуу корпусу, спорт залы жана актовый залдан туруп, үч кабаттуу имарат болот.
Мектепке чейинки билим берүү мекемеси 280 орунга ылайыкташкан. Курулган имаратта оюн бөлмөсү, уктоочу бөлмө, ашкана, даараткана, медициналык кабинет, музыка жана гимнастика залы болот", - деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:56
2025-07-29

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.