super.kg logo

Бишкекте "Дыйкан" базарынын ачылышы өттү

 

Бүгүн, 18-август күнү “Дыйкан” базарынын ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолунан" билдиришти.

Иш-чарага “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын жетекчилиги, келечектеги сатуучулар-ижарачылар катышты.

“Дыйкан” базары айыл чарба продуктуларын жана азык-түлүк товарларын дүң жана чекене сатууга арналган. Базар товарларды сактоочу кампа, контейнерлерди камтыйт.

Соода-сатык ишмердүүлүгүн жүргүзүү үчүн тилкелер, оор жүк ташуучу жана жеңил автоунаалар кирүүчү жайлар бар.

Айыл чарба продукцияларынын сапатына санитардык көзөмөл тиешелүү мамлекеттик кызматтар тарабынан жүргүзүлөт. Объектинин жалпы коопсуздугу, өрт коопсуздугу, таштандыны чыгаруу жана территорияны санитардык тазалоого, суу, электр энергиясы менен камсыздоону ишкананын структуралык бөлүмдөрү жана филиалдары ишке ашырат.

“Кыргыз темир жолу” ишканасы соода орундарын берүү менен соода жана рыноктук кызматтарды көрсөтүү боюнча иш-чараларды өз алдынча жүргүзөт.

Маалымат үчүн: “Дыйкан” базары "Кыргыз темир жолу" Мамлекеттик ишканасынын балансында турат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: