super.kg logo

Талапка жооп бербеген автомектептер жабылат

 
Өлкөдө талапка жооп бербеген автомектептер жабылат. Бул туурасында Ички иштер министрлигинин коомдук кеңешинин жетекчиси Ялкун Даутов билдирип, айдоочулар жол эрежесин билбегендиктен жол кырсыктарына кабылып жатканын айтты.
"Жыл башынан бери жол кырсыгынан канчалаган адам өмүрлөрү кыйылды. Биз анализдеп көрсөк, жол кырсыгына 80 пайыз айдоочулар өздөрү себепкер болушкан. Бул айдоочулардын сабатсыздыгынын белгиси, жол эрежелерин билишпегендиги. Айдоочулук күбөлүктү акчага сатып алышкан. Статистиканы карасак, кырсыкка кабылгандардын 90 пайызы жаш балдар же айдоочулук күбөлүктү жаңы эле алгандар", - деди ал.
Ошондой эле ал айдоочуларды даярдоочу окуу жайларга талапты күчѳтүү зарылдыгын белгиледи.
"Ѳткѳн жылы Билим берүү министрлиги тарабынан айдоочуларды даярдоочу окуу жайлар текшерилгенде өлкө боюнча 235 автомектеп аныкталган. Анын 119у лицензиялык талапка жооп бербейт деп табылган. Биз азыр лицензиялык талапка жооп бере турган 100 эле автомектепти калтырып, калганын жабалы деп жатабыз. Автомектептердин талаптарга жооп берерин, практикалык жактан кандай үйрөтүшөт, баарын текшерип чыгабыз. Бүгүнкү күндө жол кырсыктарын азайтуу үчүн жол чырактарын көп койдурганга аракет кылып жатабыз", - дейт Даутов.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
19.08.2021. 07:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Автомектептен дагы неге право бергендерге чара көрбөйсүңөр. Автомектеп окутуп эле коет, а окуш өздөрүнөн да ар бир адамдын. Андан көрө гаиге барып акча менен өткөндөрдү кармагыла силер, ошолорду айдагыла жумүштан.
19.08.2021. 13:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Автомектептер бут баары талапка жооп бербейт. Автомектептерден берилген куболукту ар 10 адамдан бироо-экоо гана окуп алат. Калганы бут акча менен алат сабакка бир кун барбай туруп......
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: