super.kg logo

"Мурдагы иштери үчүн жоопко тартылганын талдоого кеңеш берет". УКМК камактагы Фарид Ниязовдун билдирүүсүнө жооп кылды

 

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси Фарид Ниязовдун жалпыга маалымдоо каражаттарына жасаган кайрылуусуна жооп кылды. Анда Ниязовдун УКМКны жана ИИМди айыптоо аракети жана ошондой эле өзүн күнөөсүз "жабырлануучу" катары көрсөтүүсүнө карата төмөнкүлөрдү билдирүүнү зарыл деп эсептейт.

"Фарид Ниязов бир катар кылмыштарды жасаган деп айыпталган адам катары абакта жатып, массалык маалымат каражаттары аркылуу дайыма маалыматтык четтөөлөрдү жасап келет. Бул жолу да ал "абийир туткуну" менен "саясий туткундун" көрүнүшүн берүү аракетин жасоодо.

Коомчулукка белгилүү болгондой, тергөө органдары Ниязовго бийликте турган мезгилде мамлекеттин жана коомдун кызыкчылыгына зыян келтирген мыйзамсыз аракеттери үчүн Кылмыш кодексинин бир нече беренелери боюнча айып тагылган. Азыркы учурда ал камакта. Ошондой эле тергөө органдары тарабынан чет өлкөлүктөргө Кыргыз жарандарынын паспортун мыйзамсыз берүү фактыларына Фарид Ниязовдун катыштыгы боюнча кылмыш иши тергелип жатат. Бул иш аяктоо стадиясында жана сотко өткөрүлүп берилди, анын жыйынтыгында Ниязовго тиешелүү юридикалык баа берилмекчи.

Буга байланыштуу УКМК президенттик аппараттын мурдагы жетекчисине негизсиз айыптоолордун ордуна, мурдагы ишмердүүлүгүн аркасы менен кылмыш жоопкерчилигине тартылгандыгын талдоосуна кеңеш берет. Жеке көйгөйлөрүнүн башаты анын адилеттүүлүккө жетпестигин айтат. Анын бүгүнкү абалына өзүнүн мыйзамсыз ишмердүүлүгү, болгондо да кылмыш жоопкерчилиги каралган бир катар эпизоддордогу аракеттери негиз болууда", - дешти мекеменин басма сөз кызматынан.

Эске салсак, президенттик аппараттын мурунку жетекчиси Фарид Ниязов 9-октябрда "Ала-Тоо" аянтындагы массалык баш аламандыкты уюштурган деген айып менен камакка алынган.

Ага карата Жазык кодексинин 264-беренеси "массалык баш аламандыкты уюштуруу" боюнча кылмыш иши козголгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
18.08.2021. 20:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бул фаридди такыр чыгарбаш керек турмодон
18.08.2021. 23:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыргызстады жегендердин бири Мындайларды атыш керек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: