super.kg logo

Республика боюнча коронавируска каршы вакцинанын биринчи дозасы менен 605 миңден ашык адам эмделди

 

Республика боюнча коронавируска каршы вакцинанын биринчи дозасы менен 605 миң 603 адам эмделди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ноокат, Кара-Суу, Жумгал сыяктуу райондордо эмдөө кызуу жүрүп, ​​республикада алдыңкы орунду ээлейт.

“Биздин стратегиялык милдетибиз - Кыргыз мамлекети "жашыл аймакка" кайтып келиши үчүн жамааттык иммунитетти калыптандырууга жетилген калктын жок дегенде 70 пайызын эмдөө”, - деди саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев.

Учурда Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин тутумунда борбордук аппаратта, ведомстволук жана алардын аймактык бөлүмдөрүндө 3 миң 95 штаттык бирдик бар, анын ичинен 117си бош. Учурда борбордук аппаратта, ведомстволук жана структуралык бөлүмдөрдө иштеген 2 миң 978 адамдын 2 миң 311и эмдөөдөн өттү, бул 77,6 пайызды түзөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: