super.kg logo

Ошко 900дөн ашуун жумуш орундуу ири тигүүчү фабрика куруу пландалууда

 

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Артём Новиков Ош жана Баткен облустарында болуп, андагы 10дон ашык ишкананын ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

Новиков өндүрүштүн көлөмүн көбөйтүү максатында Ош облусунда 900дөн ашуун адамды иш менен камсыздай турган ири тигүүчү фабрика куруу пландалып жатканын айтты.

"Ошто 900дөн ашуун жумуш орундарын түзө турган ири тигүү фабрикасын куруу боюнча иштер жүрүп жатат. Кошумчалай кетсек, Араван жана Кара-Суу райондорунда жалпы аянты 8 гектарды түзгөн күнөскана чарбасынын ээлери Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун өкүлдөрү менен тыгыз иштешип, комплексти 2 эсеге кеңейтүү үчүн каржылоо алышат. Ош облусундагы компаниялардын бири насыя алуу үчүн кайрылып жатат. Анын долбоору Орусиядан келген Абердинангус бодо малынын асыл тукумун көбөйтүүгө багытталган. Аталган фонд артыкчылыктуу багыттар боюнча насыялык линияларды берүү үчүн ишкерлер менен иштөөнү улантат", - деп жазылат Артём Новиковдун билдирүүсүндө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(3)
19.08.2021. 11:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
МашаАллах ылайым коп коп ишканалар курулуп,Кыргызстаныбыз онуксун. Иш орундар кобойуп элдер чет олкого иштегени эмес ойногону, окуганы барышсын.
19.08.2021. 19:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Birimdik5555,айтканын келсин, оомийин.
19.08.2021. 19:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Даяр текстилди талкалап тоноп темирин кытайга сатып, эми кайра фабрика курушат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: