Казакстандын QazVac вакцинасы Кыргыз өлкөсүндө каттоодон өттү
Коңшу Казакстандын QazVac вакцинасы Кыргыз өлкөсүндө каттоодон өттү. Бул тууралуу маалымат SUPER.KG порталы Республикалык эмдөө борборунун директору Гүлбара Ишенапысовага байланышканыбызда маалым болду.
"QazVac вакцинасы кечээ, 18-август күнү каттоодон өттү. Азыркы учурда илимий топтун чечимин күтүп жатабыз. Андан соң жалпы колдонууга берилет. Вакциналарды жер-жерлерге жеткирип даярдап койдук", - деп билдирди Ишенапысова.
Буга чейин Казакстандын саламаттыкты сактоо министри Ералы Тугжанов Алымкадыр Бейшеналиевдин Казакстан QazVac вакцинасын Кыргыз өлкөсүнө жардам иретинде жөнөтөт деген билдирүүсүнө жооп катары Казакстандын ата мекендик QazVac вакцинасын Кыргыз өлкөсүнө гуманитардык жардам катары жеткирүү жөнүндө жакынкы айларда план жок экенин билдирген.

