ЭЛДИК КАБАРга жооп: "Токтогулда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандын үй-бүлөсүнө 2 айга жөлөк пул берилмей болду" дешти тийиштүү мекемеден
SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна караштуу Кызыл-Өзгөрүш айылынын тургуну кайрылып, 7 баласы бар экенин, алардын ичинен бешөөнө жөлөк пул чыгара албай жатканын айткан. Ошондой эле ал ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жаран экендигин кошумчалап өткөн.
Аталган маселе боюнча Токтогул районундагы социалдык коргоо башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Турсунай Казакбаевага байланышканыбызда, төмөнкүлөрдү билдирди.
"Биз окурмандын кайрылуусу боюнча тактоо иштерин жүргүздүк. Окурмандын жубайы Салтанат Шералиева 2021-жылдын апрель айына чейин жөлөк пул алып келген.
Учурда документтер санариптештирүү базасына өтүүдө. Бул элге кыйынчылык жаратып жатат. Алардын үлүш жери Кадастр мамлекеттик мекемесинин каттоосуна (жөлөк пулга керектүү документтердин бири) кирбей калыптыр. Ал Кадастр аркылуу чечиле турган маселе болуп жатат. Ошондуктан кыйынчылык жаралган.
Биздин кызматкерлер жерине барып документтерди алышат. Алар аталган айылга барганда Кадастрдан жериңерди тактап алгыла деп айтышкан. Биз жашаган жеринен маалымкат алып келүүнү сураганбыз. Ал эми үлүш жери базага кирмейинче маалымкат берилбегендиктен бизге кайрылган эмес.
Тийиштүү кызматттарга тапшырма берилди. Эки айлык мөөнөткө айыл өкмөттүн маалымкатынын негизинде биз жөлөк пул чектеп туралы. Андан соң жардам кылып жерин Кадастрга каттоого киргизгенге аракет кылабыз", - деп билдирди Казакбаева.
Мындан тышкары Шералиеванын жолдошу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жаран. Бирок ал тууралуу документи жок экендиги кошумчаланды.
"Бул үй-бүлө биздин көзөмөлүбүздө. Убактылуу эки айга жөлөк пул чектеп турабыз. Жардам беребиз", - деди Казакбаева.

