super.kg logo

Ысык-Көлдө 13 жаштагы кыздын зордукталышы: Үчүнчү соттолуучуга карата чыккан өкүм күчүндө калды

 

Ысык-Көлдөгү 13 жаштагы кыздын зордукталышы боюнча үчүнчү соттолуучуга карата чыккан өкүм күчүндө калтырылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жогорку Соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, буга чейин 41 жаштагы У.К. аттуу айыпталуучунун жактоочусу Ысык-Көл облустук соту чыгарган өкүмдү өзгөртүү тууралуу өтүнүч келтирген.

"Натыйжада аталган жактоочунун өтүнүчү каралып, бирок канааттандырылган эмес. Үчүнчү айыпталуучу 20 жылга эркинен ажыратылган, бул өкүм күчүндө калды", - дешти Жогорку Соттон.

Маалымат үчүн:

Буга чейин Тоң райондук сотунун судьясы Сабыр Соодонбеков күнөөлүүлөрдү кылмыштын курамы жок деп актап, айыпталып жаткандар сот залынан бошотулганы, ал эми үчүнчү соттолуучу 7 жыл 5 айга эркиндигинен ажыратылганы коомчулукта нааразычылык жараткан.

Кийин 2021-жылдын 29-мартында Ысык-Көл облустук соту буга чейин 7 жарым жылга эркинен ажыраткан соттолуучуну 20 жылга эркинен ажыраткан. Ал эми райондук сотто акталган эки шектүүгө 15 жылдан берилген.

2020-жылы Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районунун айылдарынын биринде 13 жашар кызды үч эркек жарым жылга жакын зордуктап, бирөөсү аны видеого тартып "классташтарыңа көрсөтөбүз" деп коркутуп жүрүшкөнү маалымдалган.
Кийин SUPER.KG порталы аталган окуянын чоо-жайын билүү үчүн кыздын айылына барып, тараптардын пикирин угуп келген.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(1)
19.08.2021. 17:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бычыщ керек болчу
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: